Общественный и политический деятель Улан Чолпонбаев

Улан Чолпонбаев эки жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, анда көптөгөн мамлекеттик деңгээлдеги мыйзам долбоорлорунун автору жана авторлошу болуп, шайлоочулар менен тынымсыз жолугуп, баарына жардам берүүгө аракет кылган. Мыйзам чыгаруудагы жетишкендиктерден тышкары Монголиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу, Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясынын ардактуу президенти болгон.

Улан Чолпонбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун ардактуу атуулу деп табылды. Мунун жүйөлүү себептери бар: ал өз каражатына жолдорду асфальттап, балдар үйлөрүнө, тез жардам станцияларына унааларды сатып алып, жетим балдарга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине, баатыр энелерге, айыл өкмөткө, жалпы жаштарга кайрымдуулук акцияларын уюштуруп, материалдык жардам көрсөткөн. Ал балдар менен жаштардын арасында компьютердик чеберчиликти, спортко жана музыкага болгон ыктарын өрчүткөн. Анын бардык сиңирген эмгегин санап чыгууга кагаз бетинде жетпейт.

Анын үстүнө Улан Чолпонбаев тарыхый-маданий мурастар үчүн түйшүк тарткан чыныгы кыргызстандыктын образын көрсөттү. Маданият объектилерин, анын ичинде Манжылы Атаны калыбына келтирип, манасчы Шааабай Азизовдун, жазуучу Касымала Жантөшевдин, Зуур Сооронбаеванын, инсан Кадыр акенин, залкар комузчу Ыбырай Тумановдун, залкар филолог Кусейин Карасаевдин мааракелерин уюштуруп, өткөрүүгө көмөк көрсөткөн. Алардын музейлерин курууга, калыбына келтирүүгө жана экспонаттар жана китептер менен толтурууга жардам берген.

«Алардын мурасын унутсак, кыргыздын бүтүндөй доорун унутуп калабыз», — дейт Улан Чолпонбаев.

Ошол эле учурда заманыбыздын өсүп келе жаткан каармандарына да колдоо көрсөтүп, “Салам Нью-Йорк” тасмасын тартууга, “Азия Микс” жана “Тамашоу” КВН командаларынын, “Элес” тобунун оюнуна, эмгек сиңирген артист Шайыр Касымалиева. Маданият объекттерин калыбына келтирген, этнографияга жакын болгон. «Ыйык Ысык-Көл» китебин чыгарган. Ал шахмат жана теннис ойногонду жакшы көрчү. Китеп окуганды жакшы көрчү. Ал Каракол шаарында «Табылга» жаштар кыймылын негиздеп, кийин саясий партияга айланган, анын курамына Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын шаардык кеңештери кирген.

Улан Чолпонбаев 1977-жылы 22-мартта Фрунзе шаарында туулган. 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетин дипломатия жана эл аралык укук адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1997-жылы «Манас» аэропортунун бажы терминалынын инспектору.

1998-жылы «Манас» аэропортунун бажы терминалынын улук инспектору

2000 — «Галенфарм» ЖЧКсынын менеджери

2001–2010 — «Галенфарм» ЖЧКсынын дирекциясында иштеген

2009–2010 — Монголиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу

2010–2015 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты

2015-жылы — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутаты.

2011-жылы Ысык-Көл облусунун Шахмат федерациясынын ардактуу президенти болуп, бир жылдан кийин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун ардактуу атуулу деп табылган.

Ал узакка созулган оорудан кийин 2017-жылдын 11-ноябрында каза болгон.

2011-жылы Улан Чолпонбаев Ысык-Көл облусунун Шахмат федерациясынын ардактуу президенти болуп дайындалган. Өмүр бою ал шахмат оюнуна кызыгып, Кыргыз Республикасында шахмат федерациясынын түптөлүшүнө алгачкы себеп болгон.


Депутат Жогорку Кенеша Улан Чолпонбаев скончался после продолжительной болезни

 Вечером 11 ноября на 41-м году жизни скончался депутат Жогорку Кенеша от фракции «Республика — Ата-Журт» Улан Чолпонбаев.

Смерть наступила в результате продолжительной болезни.

На основании информации, предоставленной секретариатом фракции и личным консультантом депутата, Sputnik Кыргызстан подготовил материал, чем был известен Чолпонбаев.

Улан Чолпонбаев родился 22 марта 1977 года в селе Бозучук Ак-Сууйского района Иссык-Кульской области. Окончил Международный университет Кыргызстана по специальности «дипломатия и международное право» и Академию народного хозяйства имени Плеханова в России по специальности «финансы и менеджмент».

Дважды избирался в Жогорку Кенеш. Был автором и соавтором многочисленных законопроектов: «О недрах», «Об электроэнергетике», «О внесении изменений в Гражданский кодекс» и других.

Был почетным консулом КР в Монголии, почетным президентом шахматной федерации Иссык-Кульской области. Признан почетным гражданином Ак-Сууйского района.

За свой счет асфальтировал дороги, покупал транспорт для детских домов и станций скорой помощи, организовывал благотворительные мероприятия и оказывал материальную помощь детям-сиротам, ветеранам войны и труда, матерям-героиням, айыл окмоту и молодежи.

Реставрировал объекты культуры, увлекался этнографией. Написал книгу «Священный Иссык-Куль».

Оказывал поддержку в съемке фильма «Салам, Нью-Йорк», командам КВН «Азия-Mix» и «Тамашоу», музыкальной группе «Элес».

Воспитывал двоих дочерей — 4 и 2,5 года.

Увлекался игрой в шахматы, большим теннисом. Любил читать. Основал молодежное движение «Табылга» в Караколе, которое позже переросло в политическую партию, ее члены входят в городской Кенеш.

похороны и прощание с Чолпонбаевым состоялся 13 ноября на Ала-Арчинском кладбище.


https://t.me/fondcholponbaev <—TELEGRAM

https://instagram.com/fond_cholponbaev?igshid=MmU2YjMzNjRlOQ== <— INSTAGRAM

https://www.facebook.com/fondulancholponbaev <— FACEBOOK

fond_ulancholponbaev@gmail.com <— ПОЧТА (по всем вопросам обращаться)